В честь Дня независимости в айыльном округе Манас был проведён общий субботник
31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине карата даярдык көрүү максатында, 16-август күнү Манас айыл аймагындагы бардык мекеме-ишканалардын катышуусу менен жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликтин алкагында белгиленген жол тилкелерин, көчөлөрдү, парктарды таштандылардан тазалоо, ашыкча оттоо чөптөрдөн арылтуу жана актоо-сырдоо иштери аткарылды.

