Зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча кезектеги бирдиктүү иш күнү
Манас айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлери тартип сакчылары менен биргеликте зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча кезектеги бирдиктүү иш күнүн уюштурду. Иш-чаранын жүрүшүндө балдардын, өспүрүмдөрдүн, кыз-келиндердин, дегеле үй-бүлө бүтүндүгү коомдо чоң мааниге ээ экендиги боюнча түшүндүрү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле социалдык абалы оор үй-бүлөдө жашаган, ата-энеси миграцияда жүргөн балдардан, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардан кабар алып, ал-абалын сурап кайтышты.



