Айыл өкмөтүнүн тарыхы
Манас айыл өкмөтү (Нариман айылдык кеңеши) 1927-жылы уюшулуп, 1996-жылга чейин Нариман айылдык кеңеши деп аталган. 1996-жылдан 2024-жылдын 7-мартына чейин Нариман айыл өкмөтү деп аталып келген, 2024-жылдын 7-мартында кайра каттоодон өтүп, азыркы учурда Манас айыл өкмөтү деп аталып келет. Кара-Суу районундагы эң ири айыл өкмөттөрдүн бири болуп саналат. Манас айыл аймагында он бештен (15) ашуун ар кандай улуттар жашап, жалпы калктын саны 40811 адамды, кожолуктун саны 8194 түзөт. Манас айылдык аймагы, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу аймак болуп, Облустун борборунан сегиз (8) км, райондун борбору Кара-Суу шаарынан жыйырма үч (23) км алыс аралык жана жакынкы темир жол станциясынан үч (3) км аралыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен миң (1000) метр бийиктикте турат. Ош эл аралык аэропортунан эки (2) км алыстыкта жайгашкан. Ошондой эле түндүк жагынан Ала-Тоо айылдык аймагы, батыш тарабынан Өзбек Республикасы, чыгыш тарабынан Датка айылдык аймагы, түштүк тарабынан Ош шаары менен чектешкен. Манас айылдык аймагында Ош эл аралык аэропорту жайгашкан.
Манас айыл аймагынын территориясынын жалпы аянты 303,07 кв/м га, жеринин рельефи жана климаттык шарттары айылдык аймак жайгашкан аймактын климаты кескин континенталдуу болгондуктан ысык жай жана муздак кыш менен мүнөздөлөт. Кардын түшүшү декабрдын аягына туура келет. Чыгыштан соккон шамал басымдуулук кылат. Климаттык шарт пахта, дан жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу. Манас айылдык аймагынын курамына он үч айыл кирет: Ал айылдар Нариман, Тажик-Абад, Кызыл-Мээнет, Алим-Төбө, Нурдар, ВЛКСМ, Беш-Мойнок, Осмон, Каратай, Лангар, Күрөң-Кол айылдары кирип, анын ичинен эркектер 19713, аялдар 21068 түзөт. Манас айыл аймакгынын борбору Нурдар айылы болуп эсептелинет.
Манас айыл аймагында 13 билим берүүчү мектеп, 1 оорукана, 2 ГСВ, 7 ФАП, 1 клиникалык ветсервис, 5 ветсервис, 2 спорт зал, 2 стадион , 19 бала бакча, 1 китепкана, 1 маданият үйү, 5 пахта аттыруучу цех, 1 токардык цех, 6 ишкана, 3 байланыш түйүнү, 1 таза суу менен камсыз кылуу үчүн “Нариман Таза-Суу” МИ, 1 сугат суудан пайдалануучулар ассоциациясы, 36 ашкана, 13 дарыкана, 69 коммерциялык дүкөндөр, 14 чачтарачкана, 8 мончо, 4 АЗС, 21 автомобилдерди тейлөөчү жайлар, 6 пескоблок чыгаруучу цех, 1 үрөөнчүлүк кооперативи, 1“Тиркеш ата” алебастр заводу1“Даннур-Юг” кыш заводу, 2 асфальт заводу, 3 дробилка, 71 мебель цехи элге кызмат кылып келет.
Азыркы учурда, көп улуттуу Манас айыл өкмөтүнүн элдери ынтымак жана биримдикте жашап келүүдө.