Кара-Суу районунун Манас айыл өкмөтү

Кара-Суу районунун Манас айыл өкмөтү

Октябрь 2025

Аймактын тазалыгын көзөмөлдөө боюнча кезектеги жыйын

Манас айыл аймагынын тазалыгын камсыздоо, айлана-чөйрөнү, эс алуу парктарын, жол жээктерин, ирригациялык лотокторду таштандылардан арылтуу боюнча кезектеги жыйын болуп өттү. Жыйынга айыл өкмөт башчысы Аскарбек Рустамов, аппарат кызматкерлери, дин кызматкерлери жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйында аймакты таза кармоо, жашыл зонаны сактоо, экология көйгөйлөрүн алдын алуу баарынан маанилүү экени белгиленип, тиешелүү тармактар боюнча тапшырмалар берилди.

Scroll to Top